www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Социалдык тармактарда жарыяланган кайрылууда жарандык активисттер 23-майда парламент Жогорку соттун судьялыгына өткөрбөй койгон талапкерлердин бири Ирина Воронцованы мөөнөтүнөн мурда кызматын тапшырып берүүгө чакырышты. Кайрылуу ээлери "Воронцова бийликтин камчысын чаап, буйругун аткарган сот катары өзүн көрсөттү, мындан ары сотто иштөөгө моралдык укугу жок" деп белгилешкен. Бул тууралуу Азаттык билдирди.
Ирина Воронцованын Жогорку соттун судьялыгына талапкерлигин президент колдогон. Бирок 23-майда Жогорку Кеңештеги 91 депутат анын талапкерлигине каршы добуш берген. Ирина Воронцова коомчулукка мурунку башкы прокурор Аида Салянованын сотунда соттук коллегияга төрагалык кылганы менен таанылган. Сот жараяны учурунда Салянованын адвокаттары бир нече жолу ага ишенбестик көрсөтүп, бирок алардын бардык өтүнүчтөрү четке кагылган. Ал Бишкек шаарынын мурунку мэри Нариман Түлеевдин, "Ата Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин сот иштерин кароого да катышкан.
Ирина Воронцова учурда Бишкек шаардык сотунун төрайымы.
Булак: NazarNews.kg