www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик кызмат иштери боюнча мамлекеттик агенттикте директор Элчибек Жантаев Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Хирано Рюити менен жолугушту. Тараптар Кыргызстандын кадрдык потенциалын өнүктүрүү, тактап айтканда, МЖӨ стипендиялык программасын ишке ашырууну талкуулашты. Окутуунун 20-агымы үчүн Япония Өкмөтү Япониянын жогорку окуу жайларында магистратура жана докторантурадан өткөн мамлекеттик кызматкерлерге 399 миллион иен (болжол менен 2,5 миллион доллар) грант бөлүп берди.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө квоталарды көбөйтүү демилгеси көтөрүлдү: ВИХ программасы боюнча 20дан 50 орунга чейин жана “жаш лидерлер”программасы боюнча 2ден 10 орунга чейин. Элчи Хирано Рюити бул сунуштарды колдоого даяр экендигин билдирди. 2006-2025-жылдар аралыгында Японияда Кыргызстандын 327 Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкери, ошондой эле “жаш лидерлер”программасынын алкагында 28 адис окуудан өттү.

Последние новости