www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 19-июнда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Албания Республикасынын Президенти Байрам Бегай Ысык-Көл облусуна болгон расмий сапардын алкагында уюштурулган этномаданий программага катышты.
Иш-чара Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы “Номад” амфитеатрында өтүп, мамлекет башчыларды төкмө акындар тосуп алып, кыргыз элинин музыкалык жана поэтикалык өнөрүн тартуулашты.
Андан соң конокторго кыргыз элинин бай тарыхый-маданий мурастарын чагылдырган инсталляциялар көрсөтүлдү.
Алардын катарында кол өнөрчүлүк устаканалары, көчмөндөрдүн салттуу турмушу жана боз үйдүн ички жасалгасы бар.
Этномаданий программа салттуу улуттук оюн-зооктор менен жыйынтыкталды. Анын ичинде жаа атуу, каскадер атчандардын парады, куш салуу жана байыркы тайган тукумундагы иттердин жарышы көрсөтүлдү.