www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин 2027–2028-жылдарга карата туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды. Бул тууралуу 3-июнда белгилүү болду. 

Жеңиш белгилүү болгондон кийин Кыргызстандын президентт Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырып, анда Кыргыз Республикасынын талапкерлигин колдогон бардык мамлекеттерге чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди. 

"Урматтуу Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылары,

2026-жылдын 3-июнунда Сиздердин колдооңуздар менен Кыргыз Республикасы 2027–2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлөрүн шайлоодо тарыхый жеңишке жеттик.

Кыргызстан бул жеңишти эл аралык коомчулуктун жогорку ишеними катары, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун бардык мүчө мамлекеттеринин алдындагы чоң жоопкерчилик катары кабыл алабыз.

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине мүчө болгон мезгилде Кыргыз Республикасы эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоого, чыр-чатактарды алдын алууга, превентивдүү дипломатияны өнүктүрүүгө, талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен жөнгө салууну колдоого, эл аралык тутумда чакан жана өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин ролун күчөтүүгө, ошондой эле глобалдык коопсуздуктун контекстинде климаттык, суу, тоолуу аймактарга байланышкан жана экологиялык чакырыктарды эске алууга багытталган артыкчылыктарды ырааттуу илгерилетүүгө ниеттенебиз.

Биз Кыргыз Республикасынын талапкерлигин колдогон бардык мамлекеттерге чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде тынчтыкка, туруктуулукка жана көп тараптуулукту бекемдөөгө кызмат кылган жоопкерчиликтүү, конструктивдүү жана ачык өнөктөш болууга даяр экенибизди ырастайбыз.

Кыргыз Республикасы шайлоо өнөктүгүнө татыктуу катышканы жана Бириккен Улуттар Уюмунун принциптерине берилгендик жана өз ара урматтоо духунда өткөн конструктивдүү атаандаштыгы үчүн Филиппин Республикасына өзгөчө ыраазычылык билдиребиз.

Урматтуу Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылары,

Менин эң жогорку урмат-сыйымды, ошондой эле элдериңиздерге тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү каалаган эң жакшы тилектеримди кабыл алыңыздар", - деди Жапаров.

Последние новости