www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Европа өлкөлөрүнө 20 жыл бою жабык турган аэропортторубуз кайрадан ачылаарын президент Садыр Жапаров “Нарын” аэропортунун расмий ачылышында билдирди.
Өлкө башчысынын билдирүүсү боюнча Кыргызстан авиация жаатында эл аралык деңгээлдеги кадамдарды таштап жатат.
“Европа биримдигинин “кара тизмесинен” чыгуу боюнча акыркы этапка келдик. Алдыда, 7-октябрда биздин Жарандык авиация агенттигинин делегациясы Брюсселде Еврокомиссия менен маанилүү жолугушуу өткөрөт. Андан кийинки акыркы аудит 2025-жылдын декабрь айында болот.
Ошентип, 2006-жылдан бери жабык турган Европа асманы Кыргызстан үчүн кайрадан ачыларына биз бекем ишенебиз. Биздин аэропортторубуз Европа өлкөлөрүнө 20 жыл бою жабык туруп, эми Кудай буюрса, мына кайрадан ачылат. Бул биздин өлкө Европа өлкөлөрүнүн миллиондогон туристтери үчүн жеткиликтүү болот дегенди билдирет. Буюруса, Кыргызстан таза табиятты, көөнө маданиятты жана жаңы багыттарды жогору баалаган ири рынокко чыгат”, - деди ал.