www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 8-майда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйын учурунда СИЗО-1де 1 кызматкерден коронавирус аныкталганын жана аны иликтөө иши жүрүп жатканын маалымдаган. Көп өтпөй бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдирүү таратышты.

"Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын медициналык кызматы кызматкерлерди коронавирус боюнча алдын алып, аныктоого тестирлөө жүргүзүп келет. Аталган кызмат тарабынан уюштурулган COVID-19 илдетин эрте аныктоо максатында жүргүзүлгөн ыкчам текшерүүдө Бишкектеги №1 тергөө изоляторундагы кызматкерлердин бири вируска шектүү экендиги аныкталган.

Андыктан кызматкер менен байланышкан адамдар жана №1 СИЗОнун бардык кызматкерлери, ошондой эле кызматкердин үй-бүлө мүчөлөрү менен тиешелүү чаралар көрүлгөн жана бардыгынын анализдеринин жыйынтыктары таза болуп чыккан. 5-майда вируска шектүү кызматкердин кайталанган ПЦР анализинин натыйжасы таза чыккан жана үй шартында көзөмөлдөөдө болгон. ЖАМК Саламаттыкты сактоо министрлигинин республикалык инфекциялык ооруканасынан аталган кызматкер 7-майдан тарта стационардык дарылоого жаткырылгандыгы тууралуу маалыматты бүгүн, 8-майда алды. Учурда вируска шектелген кызматкер медициналык көзөмөл астында экени анык. Анын ден соолугуна даттануусу жок, абалы канааттандырарлык", - деп айтылат маалыматта.

Учурда ЖАМКнын медициналык кызматы тарабынан кызматкерлерди коронавирус боюнча алдын алып аныктоого тестирлөө жүргүзүү улантылып жатат. ЖАМК Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан берилген маалыматта Жазаларды аткаруу системин бөлүп көрсөтүү одоно көрүнүш экенин жана бул маалымат коомчулукту беймазага саларын билдирет. . 

Булак: NazarNews.org

Последние новости