www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кыргыз элимди ушунчалык жакшы көрөм. Бүгүн байларды мактап кошомат кылам. Жакшылап кунт коюп окуңуздар», деген билдирүүсүн шаардын мурдагы депутаты Жамалбек Ырсалиев жазып чыкты. Жамалбек мырзанын, Кыргызстандын «байларына» жазган баасын, шашпай окуп, сарасеп салып койсоңуздар болот. Биздин редакция да бүгүн, Кыргызстандагы капчыктууларга мындан ары да "барчылык" каалап, Жамалбек Ырсалиев жазган "бай акелер" тууралуу ачуу чындыгын жарыялоону туура көрдүк. 

--Кыргыз элимди ушунчалык жакшы көрөм. Бүгүн байларды мактап кошомат кылам. Жакшылап кунт коюп окуңуздар. Ар бири менен болгон мамилемди алган акчамды карызымды, аферистик кылып кимисин алдаганымды баарын ачык жазып берем. Биринчи элге берип жаткан жардамдарын жазып ыраазычылык билдирейин. Анан аягында баарын ачык жазып бербесем кечээги депутаттарды жана Раим миллионду мактаганымдан кийин жеке куржунума кат жазып, же мени кошоматчы, Арзымат кылып жаткан бир туугандарым үчүн колумдан келишинче түшүндүрүп бергенге аракет кылайын. Чыдап аягына чейин окуп коюңуздар. Жакшы десеңиз да жаман десеңиз да пикир билдирип жакты же жакпады деп"бармак"басып коюнуз.

Аскар Салымбеков

Кытайда коронавирус чыкканда бет кап жөнөтүп жиберейин десе талап жибердик. Анан күлгөнгө күлө жетем деп, бизди эмес дүйнөнү чагылгандай тездик менен карантинге салды бул коронавирус. Кыргызстан үчүн канча жардам берип жатат. Ар бир облуска акчалай да материалдык да жардам көрсөтүп жатканын көрсөк да көрмөксөн, уксак да укмаксан болуп, байлыгы кемип калмак беле берсин! - деген таризде унчукпай окуп коюп отурабыз. Ал эмес Дордойдон бутуна туруп, турмушун түздөп кеткен канчалаган адамдар жакшы пикир жазмак тургай, "нравиться"-деп бармакты басып койсо ашыкча болуп кеткенсип тымпыйып отурушат.

Шаршенбек Абдыкеримов (Шаки)

Өндүрүштөрүн, завод-фабрикаларын санайбыз. Акчасын менен арагын эсептейбиз. Ошол эле учурда "Алия" ун комбинатын же Ак сарай мал-чарбасын, Ала-Арча, Артезиан, Тан, Аршан сыяктуу суусундуктарын айткыбыз да келбейт. Элге пайда келтирип жаткан канчалаган ишканаларын айткыбыз келбейт. Аракты мен деле жактырбайм. Бирок, башка өндүрүш ишканалары менен кошо элди жумуш менен камсыздап жатканына ыраазы болом. Ушундай кырдаалда элибизге канча жардам берип, ун май чайын таратып отурат.

Төрөбай Зулпукаров

Унчукпай төшүн кагып мактанбай эле өзү менен кошо артында чоң командасы бар экенин көрсөтүп келет. Мигранттар менен кошулуп канчалаган жакшы иштерди жасап жатат. Ушундай учурда элибизге жардам берип жатса да кайра эле депутаттыгына асылабыз. Чет элдик инвесторлор болгон арабдар да Торобай Закир Уулу менен иштешкиси келет. Анткени, ал өз чөнтөгүнөн кошуп жакшы жардам берет дешет.

Раим Матраимов

Кыйын кырдаалда элге көп жардам берип жатат. Агасы Искендер Матраимов менен бирге баардык облуска жардам колун сунду. Шайлоого чейин ким бар ким жок аны Кудай билет. Маселе, азыркы кыйын учурда жардам берип жатканында. Эртең шайлоо болот деп эл агитация баштаганда эмне болуп кетти. Өзүбүз күбө болуп отурабыз. Кандидаттар кайда кеткени белгисиз, шайлоо жылып, өзүбүз үйдөн чыкпай отурабыз.

Ермек Маркабаев

Элге жардам берип батасын алып чуркап жүрөт. Чек арадан машиналар тоскоолдуксуз өтүп келип, базарда баа көтөрүлүп кетпесе экен деп күнү түнү чапкылап жүрөт. Тапканын кичи мекенине алып барып эл менен бөлүшүп... Эл тааныган депутат эмес. Же мамлекеттик ишке аралашкан жок. Чет жерде иштеп тапкан акчасын алып келип, Орто-Сай базары менен Сары-Өзөн базарында элди иш менен камсыз кылып жатат.

Мирлан Исагалиев жана Азат Исакунов

Жол салганды жакшы билет. Бизнеси ошол тармакта. Ишкерлиги болсо биз бала кезде сагыз кылып чайначу " смола" битум же кара сагызды ташыйт. Ак көңүлдүн аты арыбайт, аты арыса өзү жарыбайт дегендей, кытайлар деле түрктөр деле Кыргыздын жолун салып жатабыз го. Сен өз мекенин үчүн аянбашын керек деп көп пайдаланып кеткенине өзүм күбө болдум. Тапканын элине бөлүшүп канча жакшы иштерди жасап келет. Тез жардам машиналарын мен билгенден биринчи Мирлан алып келип белек кылды окшойт. Азыр да Азат Исакунов деген иниси экөө кандай чоң жардам беришти. Биринчилерден болуп Азат Исакунов 15 миллион сом которуп берем дегенде, "фейк"окшойт, калп болсо керек деп шектүү карап качан гана акчасы которулду деген банктын квитанциясын көрүп ишендик.

Өмүрбек Бабанов

Эң биринчи мен 5 миллион сом котором деди. Андан кийин кичи мекени Таласка да жардам жөнөттү. Кайра саясатка келейин деп жаткан окшойт. Жөн жардам бербейт эле. Доллар көтөрүлгөндөн түшкөн пайдасын которгон тура. Баарын эсептеп анан убада берген экен деп, Өмүрбек Бабанов эмес эле, доллар көтөрүлөөрүн алдына ала билген көзү ачык Вольф Григорьевич Мессинг кылып жибердик.

Жеке мамилем

Аскар Салымбеков менен ага-ини болуп катышам. Менин ыраматылык иним Жалилбектин өкүл атасы болчу. Пайдасын аябай көп көрдүк. Бизнес башта деп 2002-жылы акча да берген. Аскар байке башында турган Дордойдон көп жакшылык көрдүм. Иним Жалилдин балдарына бизнес ачып бер деп көз жоосун алган жаратылыштын койнунан абдан чоң жер берген. Ушул күнгө чейин ага-ини болуп катышабыз. Сыйлайм,мактайм, сыймыктанам.

Шаршенбек Абдыкеримов (Шаки)

Ага досум. Таң атканча угуп отурсаң тажабайсың. Сонун кеңештерди берет. Куйкум сүйлөп тамашалап таңды атырган сонун мүнөзү бар. Тунгучтагы мен ээлик кылган кафени так ушул Шаки байкем берген. Беш жыл болду. Ортобузда кафе бар. Күнү түнү чуркап эмгектенип жаркыратып жасап койдуң. Ошого аябай ыраазы болом деп ал мага ыраазы. 12 балам менен кошо мойнумда отурган тууган туушкандарды кенен багып ар кимге жалдырабай Шакини байке дос кылып алганыма мен ыраазы. Амандыгын, ден-соолугун тилеп ырахматымды айтып коюп жүрөм.

Торобай Закир Уулу

Төкөм менен депутат эмес мигрант, бизнесмен болуп жүргөн кезинде таанышкам. Ортобузда аласа бересебиз жок. Достук-деген улуу сыйыбыз бар. Биз үчүн ар дайым баалуу кеңештерин берет. Бир жолу "Эне"-жөнүндө сонун сүйлөп берип, энем болгондо мен ушундай сыйлайт элем деп чогуу отурган досторубуздун баарын ыйлаткан. Ошондон кийин мен үчүн Төрөбай Зулпукаровдун жаңы барагы ачылып, акылдуу кеңешчиме айланган. Кечээ депутаттардын жардамын жазып койсом Төрө досума чаптап жатып калдыңыздар. Депутаттардын мыйзамынан азыркы коронавирус коркунучтуу болуп турат. Ошого жардам берген кесиптештерин жаздым. Ал эми биз үчүн Төрөбай кандай кесипте болсо дагы жөн гана карапайым досубуз. Достун кандай экени башыңа жамандык келгенде билинет дейт эмеспи. Төрөнүн Мырзадан айрылганда чыныгы адамгерчилигин көрдүк...

Раим Матраимов

Эки күндөн бери мени сөктүрүп жаткан негизги каарман. Арзымат атка да кондурду. Ушул кишини көрө элекмин. Бирок, элдин баары миллиондоп акча ташыйт экен. Азаттык ачыктап салды деп жаткан акчаны мен билем. Биз Кытайга жаңы каттап жүргөн 1997-жылдан бери көрүп келе жатам. Ал убакта жалаң дуңгандар ташычу. Чаар баштыка салынган толтура долларлар аэропорттон жаны жок жүргүнчү болуп, Үрүмчү шаарындагы Бинжан деген атактуу базардын жанындагы эски Бинжан анан Жаңы Бинжан деген мейманканалардын ичине барат эле. Ошол кезде Кытайга тилдери окшош болгон үчүн инкассатордун баары дунгандар болчу. Аларды акча ташыйт экен, кокуй акчанын баары сыртка кетти деп эч ким казган эмес. Анан кыргыздар ташыганда чукуп чыкпасак болбой калбайбы. Башка улуттар ташыса булар кыйын. Иштин көзүн билишет. Акча жасаганды билет, булар кыйын деп шыпшынып отура бермекпиз. Кыргыз качан оңолобуз? ...

Эрмек Маркабаев

Замандаш Саясий Партиясы бизди тааныштырган. Ошол күндөн бери мамилебиз жакшы. Акча берип мени мактап койчу дебейт. Үйүнө барып чай ичем. Убактыбыз болгондо жолугуп сүйлөшүп отуруп калабыз. Кыргызстанды кантип көтөрсөк болот деген маселени талкуулайбыз. Элге кантип жардам берсек дейбиз. Өзүңүздөргө белгилүү конкурстарды уюштуруп жатканбыз. Балдарды коргоо күнүнө карата чоң программа даярдап жаттык эле. Шартка байланыштуу токтоп калдык. Жасай турган иштерибиз алдыда...

Мирлан Исагалиев жана Азат Исакунов

Азат Исакунов деген жигитти 15 миллион сом которгондо уктум. Өзүн көрө элекмин. Мирлан Исагалиев менен достук мамилем бар. Ал да мага акча берип Арзымат болуп берчи деген эмес. Жасап жаткан иштерин көрүп ыраазы болуп, дайыма колумдан келсе жардам берейин деп аракет кылам.

Өмүрбек Бабанов

Өмүрбек Бабанов деген ысымды элдин баары тааныйт. Кыздардын арзуусуна айланган, жаштардын кумири болуп, саясатта чоң секирик жасап премьер министрге чейин жетти. Президент болом деди да ошону менен бизнеске кетти. Анан коронавирус чыкканда биринчилерден болуп жардам колун сунду. Мен Өмүрбек Токтогулович депутат кезинде резиденциядан бир жолу көргөм. Ошол бойдон жолуккан да жокмун.
Жыйынтык.

Кээ бир досторумдун ичин бышырып, кимден канча акча алып жазып жатасың? Эмнеге кошоматчы Арзымат болдуң? Сенин жазгандарынды окуган күйөрманың элем. Неге бул чимкириктерди мактадың? Кимисине жагынып кайсы партияга кирген жатасың? Мына ушундай суроолор аябай көп болгон үчүн баарына ачык жооп берип койгонум оң болот деп чечтим досторум. Менин Арзымат болуп жаткан себебим: Жеке эле жетим-жесир эмес, дүкүлдөп иштеп турган күнүмдүк нанын ак эмгеги менен тапкан таксистер менен тачкистер, маршруттук машина айдаган шоферлор менен күнүмдүк соода кылып жүргөн баардык мекендештерибизге оор болуп жатат. Карапайым элдин арасында жүргөн үчүн, жаңы конуштарда батирде жашап балдары ачка болуп ыйлап жаткан, же күйөөсү өлүп же балдарын таштай качкан мага окшогон эркек сөрөй айбандардын азабын тарткан эже-карындаштардын ыйлаганын көрүп, болбосо, төшөктө тура албай ооруп жатканынан улам балдарын бага албай жаткан адамдарды көргөндө байлардын алдына барып чөгөлөп болсо да жардам сурап ошолорго жеткирип бергим келди. Жылуу төшөктө жатып алып, ун арзан кезинде алып койгон же болбосо кошумча акча булагы бар, запас акчасы болгон достор диванда жатып алып сын айтып сөгүп отура берген абдан оңой. Мен деле түнкү саат 3 тө отуруп алып түтөп жазып, сиздерге актанып отурбай уктап жата берсем болмок. Бирок, чоң уйку күтүп турат. Анын аты- ӨЛҮМ. Ал акыйкат. Ал чындык. Кудайдын алдына барганда жок дегенде байларды мактап, жардыларга тамак ташып жүрүп келдим деп барайын деп Арзымат болуп жатам. Жаштыкта кетирген жаңылыштыгым же аферист болуп, бирөөнү алдап көңүлүн ооруткан болсом, кыздарды алдап пайдаланып кеткен болсом, же акча пайда болгон кезде саунага барып ойноштук (зынаа) кылган болсом ошолордун баарын кантип актайм деп ойлоном. Ата-энемди же бир туугандарымды нааразы кылып алган болсом, билип билбей күнөө иш жасаган болсом ошонун баарына тообо келтирип, мындан кийин жаңылбасам экен деп тиленип жүрөм. Улуу Кудайдын сүйүүсүнө татыктуу болуш үчүн, жетим-жесирлерге жардам берели деп жакшылыкка үндөп жатам. Азыр ачка болуп кыйналып жаткан бир туугандар үчүн ак эмгек менен тамак-аш чогултуп берип жаткан бир туугандарды көрүп, кыргыз эч качан жоголбой турган эл экенине ишенип жүрөм. Ата бабадан келе жаткан айкөлдүк менен бершендик, жоомарттык менен боорукерлик ойгонуп бири-бирине жардам берип жатканына сүйүнүп жатам. Байдын байлыгында кедейдин үлүшү бар. Жардам бергиле байкелер-эжелер, акелер-жеңелер, ини-карындаштар деп баарынан сурап жатабыз. Кыргыздан сурап кыргызга таратып бергенден башка жардам бере албайт экенбиз. Илгерки заман болсо коңшулардан барып жылкы тийип келет элек... Азыр тоок өтпөй турган чек аралар бар. Анан ошол чек аранын баары жабылып турат. Өкмөт менен Балбак ун менен азык-түлүк кымбаттабайт- деп бапылдаган менен баалар аларга баш бербей калды...Бизди багып жаткан негизги инвесторлор чет жердеги биз ишенген мигранттарыбыз өздөрү кыйналып калышты. Карантин дагы узарып кетпесе экен-деп Кудайдан тиленип отурабыз. Дагы узарып кетпеш үчүн ар бирибиз үйдөн чыкпай салым кошолу,мыйзамга баш ийип берели деп, элибиз чыдап берип жатат. Чыдамы чегинен чыгып кетпесине аракет кылбасак болбойт. Балдары ачка нан деп ыйлап турса, кандай адам болбосун, баласы үчүн эч нерседен аянбайт. Кандай кадамга болсо да барат. Ошондуктан Арзымат болсок да кошоматчы болсок да башкага эмес, кыргызга кошомат кылалы, кыргыздын келечеги болгон балдарыбызды кор кылбай бакканга аракет кылалы. Бай акелеримден суранаарым дагы жардам бериңиздер?! Сиздерчелик бере албасак да биз дагы колубуздан келишинче чогулталы. Жардам берели. Баарыбыз биримдик менен жеңебиз. Ынтымак болсун. Бири-бирибиздин жүрөктү оорутпай, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп жардам берели. Сиздерди терең урматтоо менен Жамалбек Ырсалиев, - деп жазган Жамалбек мырза.

Окурман, ойлонуп көрдүңүзбү? Кудай ар кимдин бешенесине ар кандай тагдырды жазат, «кимдир бирөө бай болсо» аны жемелей берүүнүн кажети жоктур, балким…

Булак: NazarNews.kg

Последние новости