www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фермерлерге жазгы-талаа иштерин жүргүзүү үчүн тийиштүү көмөктөр көрсөтүлөт. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынынын жүрүшүндө билдирди. 

Анын айтымында, жергиликтүү бийлик органдары аталган маселеге көңүл буруусу тийиш. 

«Дыйкандардын, айыл чарба техникасынын кыймыл-аракетине кыйынчылыктар жаралбашы керек. Айрым айылдарда орнотулган посттор жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө тоскоолдук түзбөшү керек. Бул маселени иретке келтирүү зарыл», - деди Кубатбек Боронов. 

Ал тийиштүү кызматтар көчөлөрдү дезинфекциялоо боюнча ишин күчтөндүрүүсү зарыл экендигин белгиледи. Анын айтымында, Бишкек шаарындагы борбордук көчөлөр гана эмес, чет жакалардагы жаңы конуштар жана кичи райондор да тазаланышы тийиш. Жыш отурукташкан райондорго өзгөчө көңүл буруу зарыл. 

«Бардык облустарда дезинфекциялык иштердин сапаттуу ишке ашырылышын камсыздоо керек. Дагы бир ирет белгилеп кетем, коронавирусту дарылоо жана анын жайылып кетишине жол бербөө процессине тартылган бардык медициналык кызматкерлер толук көлөмдө коргонуучу костюмдар жана жеке коргонуу каражаттары менен камсыз болушу зарыл. Алыскы райондордогу бир дагы врач тийиштүү коргонуучу формасыз калбашы зарыл. Өкмөт Саламаттык сактоо министрилигинин алдына катуу талаптарды коюуда. Ушул татаал кырдаалда иштеп жаткан медициналык жана башка тармактын адистеринин коопсуздугу өзгөчө көзөмөлдө турат», - деди биринчи вице-премьер-министр.

Ошондой эле ал жарандардын копсуздугу мамлект жана өлкө жетекчилиги үчүн артыкчылыктуу маселелерден болуп саналаарын баса белгиледи. 

«Биз кыргызстандыктарды жеке өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн ден-соолугун коопсуздукка салбастан, үйдө болууга чакырабыз. Антпесе милициялардын, дарыгерлердин, ӨКМ кызматкерлеринин, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын, жана башка кызматтардын аракеттери пайдасыз болот», - деди Кубатбек Боронов. 

Жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин, ӨКМ жана ИИМ маалыматы угулду. Мындан тышкары, коронавирустун жайылыш абалын мониторингдөө боюнча автоматташтырылган тутумдун бетачары болду, анда коронавирус менен ооруган жарандардын, алар менен катнаш болгондордун, карантиндеги адамдарын орду боюнча бирдиктүү эсеп жүргүзүлөт. Жергиликтүү бийлик органдарына маалыматтарды тутумга ыкчам киргизүү тапшырмасы берилди.  Мындан тышкары, аларга калктын аярлуу катмарына даректүү жардам көрсөтүү боюнча ишти күчтөндүрүү тапшырылды.

Последние новости