www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна төрагалык кылуу Россияга өттү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кеңейтилген курамдагы жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү жыйында аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылып, келерки жылга карата уюмдун ишмердүүлүгүнүн актуалдуу багыттары аныкталып, тиешелүү милдеттер белгиленди.
"Белгиленген тартипке ылайык, ЖККУга кийинки жылга төрагалык кылуу Россия Федерациясына өтөт. Ушуга байланыштуу мен сөздү Россия президенти Владимир Путинге берем. Россиянын уюмга төрагалык кылуу мезгилиндеги ишинин артыкчылыктуу багыттары тууралуу маалымат берет", - деди Жапаров.
Андан кийин Владимир Путин 2026-жылы Россиянын ЖККУдагы төрагалыгынын артыкчылыктуу багыттарына токтолду.
Белгилей кетсек, бүгүн Бишкектеги "Ынтымак Ордодо" Кыргызстандын төрагалыгы алдында ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны өтүүдө.