www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2025-жылдын 27-ноябрында УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Тоң райондук бөлүмчөсүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Аталган иш-чарага УКМК төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиев, Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилиги, УКМК ардагерлери жана башкармалыктын өздүк курамы катышты.

Жаңы имарат толугу менен заманбап техникалар менен жабдылып, аскер кызматкерлеринин улуттук коопсуздуктун кызыкчылыгында жемиштүү иштөөсү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Керектүү байланыштык каражаттар жана тармактык жабдуулар жайгашкан. 

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бөлүмчөнүн кызматкерлерин куттуктап, атайын кызматтардын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу боюнча иш-чаралар тынымсыз жүрүп жаткандыгын белгиледи. Мындан улам, кызматкерлердин ишмердүүлүгү таза жана адилеттүү болуусу керек деген талап коюлду. Жемкорлук жана башка мыйзамсыз иштер менен күрөшүү,  өзгөчө коопсуздук кызматкерлери арасында катуу көзөмөлгө алынары кошумчаланды. 

Тоң райондук бөлүмчөсүнүн жаңы имараты жергиликтүү элдин, жалпы  өлкөнүн коопсуздугун камсыздоодо мааниси чоң экени айтылып, генерал-полковник жалпы кызматкерлерге ийгилик каалады. 

Иш-чаранын соңунда УКМК төрагасы К.Ташиев Тоң районунун жергиликтүү тургундары менен жолугуп, алардын көйгөйлөрүн угуп, тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.
 

Последние новости