www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука жана Аксы райондорунда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, бир катар айылдарга зыян келтирди.
Алдын ала маалыматка ылайык, Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылында сел убактылуу көпүрөнү толугу менен алып кеткен.
Ал эми Балтагулов айыл аймагында суу өткөрүүчү түтүк жараксыз абалга келген.
Аксы районунун Кара-Жыгач айылында селден улам жол жабыркап, коопсуздук максатында унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилди.
Учурда кырсык болгон аймактарда атайын техникалар тартылып, сел калдыктарын тазалоо жана жолдорду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Алдын ала маалымат боюнча, жергиликтүү тургундар арасында жабыркагандар катталган жок.