www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Адистер жарандарды базардан эт сатып алууда анын сапатына жана коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууга чакырышты. Алардын айтымында, этти баасына эмес, ветеринардык көзөмөлдөн өткөнүнө жана сактоо шарттарына карап тандоо маанилүү.
Эң оболу, эттин үстүндө ветеринардык мөөрдүн болушу зарыл. Бул анын ветеринардык көзөмөлдөн өтүп, колдонууга уруксат берилгенин билдирет. Ошондой эле сатуучудан ветеринардык маалымкатты сурап, анын берилген күнү, мөөрү жана кол тамгасы бар экенин текшерүү сунушталат.
Мындан тышкары, жаңы эттин түсү табигый кызыл болуп, жагымсыз жыты болбошу керек. Кол менен басканда бат калыбына келсе, бул анын жаңы экенинен кабар берет. Ал эми жабышкактык же күмөндүү жыт эттин бузулганын көрсөтүшү мүмкүн.
Адистер эттин туура сакталуусу да маанилүү экенин белгилешет. Ал салкын жана таза жерде, күндүн түз нурунан алыс сакталышы керек.
Адистердин айтымында, сапаттуу жана коопсуз этти тандоо — үй-бүлөнүн ден соолугун сактоонун негизги шарттарынын бири.