www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германияга иштөө-саякаттоо программасы аркылуу барган 150гө жакын кыргызстандык студент кыз оор кырдаалга кабылганы айтылды.

Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучусу Медиса Жокиева билдирди.

Анын айтымында, студенттер Германияга Samara Academy компаниясы аркылуу жөнөтүлгөн.

Учурда алар жумушсуз жана жашай турган жайсыз калып, убактылуу качкындар жайгашкан борборлордо акча төлөп жашоого аргасыз болуп жатышканы маалымдалды. Ошондой эле ал жайларда баңгизатка көз каранды адамдар да жашай турганы белгиленген.

Өз кезегинде Samara Academy бул жагдай боюнча билдирүү таратып, учурда ар бир студент менен байланышып, маселени чечүү боюнча иштер жүрүп жатканын маалымдады.

Компания жоопкерчиликтен качпай турганын жана студенттерге жаңы жумуш орундарын издеп жатканын билдирди.

Ал эми Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул маселе боюнча маалымат Консулдук департаментке жөнөтүлгөнүн билдирди.

Последние новости