www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Базар-Коргондо кыз талашып, тапанча менен коркуткандар кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Интернетке тараган окуянын видеосунда Daewoo Matiz машинасынын айдоочусу Toyota Camry унаасынын жанындагыларды таш менен кубалап, жеңил машинасы менен тигилердин унаасынын арткы бамперин илип кеткенин көрүүгө болот.
Кийин облустук милицияга Daewoo Matiz унаасынын 29 жаштагы айдоочусу Х.Б арыз жазып, 18-июнда шериги менен жол жээгинде турганда Toyota Camry менен эки киши келип, аларды уруп, тапанчасы менен "атам" деп коркутканын билдирген.
Окуядан кийин жабырлануучулар ооруканага кайрылып, медициналык жардам алып кетишкен.
Ошондой эле жаңжалга кыз талаш себеп болгону белгиленди. Ал ошол мезгилде Daewoo Matiz унаасында отурган. Шектүүлөр алып кетмекчи болгондо жабырлануучулар каршылык көрсөткөн.
"Бейбаштык" беренеси боюнча иш козголуп, милиция 28 жана 31 жаштагы эки шектүүнү кармады.