www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаарындагы №1 мектеп-гимназиясынын башталгыч классынын 10 окуучусун шаар вице-мэри Руслан Алтымышев кабыл алды.

Вице-мэр окуучуларга өзүнүн аткарган жумушун түшүндүрүп, калаада жүрүп жаткан иштер менен тааныштырды. Андан соң балдарга ордун бошотуп берип, ар бир окуучунун оюн укту. Окуучулар белгилүү бир убакытка Алтымышевдин ордунда вице-мэр болуп, өздөрү туш болуп келген көйгөйлөрдү айтышты.

Балдар жаңы мектептер салынып, жолдордо жөө жүргүнчүлөр өтүүчү сызыктардын көп болушун каалашат. Ошондой эле бардык жарандарды тазалыкка чакырган ойлорун ортого салышты.

Жолугушуунун алкагында вице-мэр окуучуларды талыкпай билим алууга үндөп, балдарды ата-энесин, мугалимдерин тыңдоого чакырды.

Андан соң жолугушуу жогорку класстын окуучулары менен улантылды. Жогорку класстын окуучуларын шаардын биринчи вице-мэри Майрамбек Адылбеков да кабыл алды. Анда мектептердеги билим берүүнүн сапатын дагы да жогорулатуу боюнча окуучулардын сунуш-пикирлери айтылды.

Белгилей кетсек, бул иш-чара ЮНИСЕФтин демилгеси менен “Бүткүл дүйнөлүк балдар күнүнө” карата уюштурулду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости