www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, өлкө аймагындагы курулуш объектилерине карата рейддик иш-чаралар улантылууда.
Текшерүү иштеринин алкагында Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментине караштуу Жалал-Абад региондук башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Токтогул районунун Абышов көчөсү 52 дарегиндеги 140 орундуу мектепке чейинки билим берүү мекемесинин курулуш иштери теркешилди.
Текшерүү учурунда жер кыртышын катмарлап таптап бекемдөө иштери аяктап, учурда тегиздөө процесстери жүрүп жаткандыгы аныкталды. Бекитилген иш өндүрүшүнүн графигине ылайык, бетон иштери 2026-жылдын январь айында башталышы керек болчу. Бүгүнкү күнгө карата подряддык уюм тарабынан бетон куюу иштери башталган эмес, бул белгиленген мөөнөттөрдөн олуттуу түрдө артта калууну шарттайт.
Натыйжада келишимдик милдеттенмелердин жана курулуш графигинин бузулушу боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, подрядчыга графиктен артта калууну тез арада четтетүү жана жумуштун темпин жогорулатуу боюнча жазуу түрүндө эскертүү берилди.