www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 12-февраль таң эрте Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өздүк курамына айгай жарыяланып, эки күндүк штабдык машыгуу өз ишин баштады. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.
ӨК министринин орун басары Урматбек Шамыркановдун жетекчилигинде Жарандык коргонуунун күч-аракеттерин жакшыртуу жыйыны өтүп, өзгөчө кырдаал учурундагы иш-аракеттерге кеңири токтолду.
Тактап айтканда, табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар коркунучунда калкты жана аймактарды коргоо үчүн Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун күчтөрүн жана каражаттарын даярдыкка келтирүү учур талабы.
Ошондой эле жыйында жарандарды эвакуациялоо, ар тараптуу камсыздоо иштерин уюштуруу, авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүү, кошумча күч-каражаттарды тартуу, гуманитардык жардам уюштуруу, кесепеттерин жоюу, калыбына келтирүү иштери башкы орунда экени көтөрүлдү.
Белгилей кетсек, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин буйругу менен Жарандык коргонуунун күч-аракеттерин жакшыртуу боюнча штабдык машыгуусу өтүүдө.