www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жайыл районунун прокуратурасы тарабынан тоголок жетим балдардын турак жайга жана жер тилкесине болгон укуктарын коргоо максатында балдар жана турак жай мыйзамдарынын аткарылышы боюнча Жайыл районунун Ак-Башат айыл өкмөтүнө прокурордук чара көрүү актысы келтирилди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Прокурордук актыны кароонун жыйынтыгы менен ата-энесинен ажыраган 9 балага жер тилкелери бөлүнүп берилип, турак жай куруу үчүн жеке менчик укугун тастыктаган мамлекеттик актылар тапшырылды.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 13-бер. жана Турак жай кодексинин 43-бер. талаптарына ылайык, баланын турак-жайга укуктарынын кепилдиктери турак жай мыйзамында каралган тартипте камсыз кылынат, жашоо үчүн турак-жайы жок жетим балдар 16 жашка чыкканда, мыйзамда белгиленген тартипте, пайдалануу укугунда турак жай аянтын кезексиз алуу кепилдиктери каралган.