www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Стоп Беспредел” ютуб каналына Аблет Акбаров аттуу жаран ак жеринен камалып, 16 ай абакта отуруп чыкканын, учурда акыйкат издеп жүргөнүн айтып, Кыргызстандан Кытайга чыгарылып кеткен 1 миллион долларга жакын баалуу нефрит ташынан чыккан чырлуу иштин чоо-жайын баяндап берди. Бул чырлуу чуу жараткан ишке байланыштуу БШКнын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаровдун дагы аты аталат.
Анда ал Россиядан алынып келген 4 тонна 400 килограмм нефрит минарал ташын Рано Масадыкова аттуу жаран Аблет Акбаровдун кампасына жайгаштырып, кийин товар Алмаз аттуу Казакстандын жараны менен Ренат аттуу Кыргыз жараны аркылуу Кытайга чыгарылып кеткени айтылат.
Натыйжада, баалуу таш документтери туура эмес болуп Кытайдан камакка алынып, бул ишке Акбаров күнөөлүү катары ири алдамчылыкка айыпталып камалганы сөз болот.
Кызыгы, бул чырлуу ишке БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров аралашып басым көрсөткөнү, анын бир тууган иниси Данияр Шайназаров тарабынан кысымга кабылганы, камакта отурганда Акбаровдун атасы баласын үй камагына чыгаруу үчүн Шайназаровдун жубайына эки үйүн 250 миң долларга баалап күрөөгө коюп бергени, күрөөнү койгон атасы Дилшат Шайназаровдун кабинетине барып өзүнө жолукканы айтылат.
Ишкер Аблет ак жеринен күйүп, мыйзамсыздыкка кабылып жатканын белгилеп, акыйкат таппай жатканын белгилеген.
Албетте, ак-карасы тууралуу БШКнын төрагасы Шайназаров өзү маалымат берип, окуянын чын-бышыгын айтса керек. Балким, бул боюнча укук коргоо органдары иликтөө кылып, тиешелүү укуктук баа беришер.
Дегенибиз, Президент Садыр Жапаров жакында эле мыйзамсыз иштерди кылбай, адилет, акыйкат иштегиле деп укук коргоо органдарынын жетекчилерине тапшырма берген. Демек, ак жеринен кимдир бирөөлөр зар какшап, жабыр тартпоого тийиш.
Бул тууралуу “Стоп Беспредел” ютуб каналынан кенен маалымат алсаңар болот.
Бир нече мүнөттөрдөн кийин БШКнын бул маалымат боюнча комментарийи жарыяланат.