www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ирандын Тышкы иштер министрлиги Украинага нааразылык нотасын тапшырды. Мындай кадам өлкө президенти Владимир Зеленскийдин Израилдин Ирандын ядердик объектилерине жасаган соккуларын колдогонунан кийин орун алды.
Документти Евразия өлкөлөрү департаментинин башчысы Шахрам Фарсаи Тегерандагы Украинанын ишенимдүү өкүлүнө тапшырды. Ирандык дипломат Киевди эл аралык укукту бузду деп айыптап, эгерде Иранга каршы риторика улана берсе, мүмкүн болуучу кесепеттери жөнүндө эскерткен.
Буга чейин Зеленский АКШ менен Израилди Ирандын объектилерине жасалган чабуулу менен куттуктаган.