www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украина президенти Владимир Зеленский өлкөнүн аймактык маселелерин чечүү үчүн жалпы улуттук референдум өткөрүү мүмкүнчүлүгүн караштырып жатканы айтылды. Бул жагдай Киевдин күн тартибиндеги жаңы саясий талаш жарата турган кадам. 

Зеленскийдин референдум өткөрүү идеясын ачык айтуусу Украинанын ички саясий динамикасында да, эл аралык сүйлөшүүлөр фонунда да жаңы сигнал катары кабыл алынууда.

Анын айтымында, референдум кандай форматта өтөрү, кандай укуктук механизмдер колдонулары али белгисиз. Бул абал маселенин татаалдыгын да, бийликтин азырынча бирдиктүү чечимге келе электигин көрсөтөт. Аймактык бүтүндүк боюнча маселе Украина үчүн өтө сезимтал болгондуктан, референдум демилгеси коомдун ичинде да, эл аралык өнөктөштөр арасында да кеңири талкууну жаратышы мүмкүн.

Мындай билдирүү Дональд Трамптын Европа лидерлерин Зеленскийди АКШнын тынчтык планын кабыл алууга көндүрүүгө чакырганы тууралуу маалыматтардан кийин айтылып жатканы да көңүл бурууга арзыйт. Себеби Украинанын аймактык бүтүндүк маселеси ички саясаттын гана эмес, геосаясий оюндардын бир бөлүгүнө айланып калганын айгинелейт. 

Дегенибиз, Украинанын келечектеги аймактык чечимдери юридикалык, саясий жана коомдук легитимдүүлүк маселелерин камтыган өтө кылдат процесс. Ошондуктан референдум темасы азырынча багыты такталбаган, бирок маанилүү саясий сигнал катары каралууда.

Последние новости