www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын бийлиги 16 жашка чейинки балдардын социалдык тармактарга кирүүсүн чектөөнү көздөп жатат. Бул тууралуу мектепке чейинки жана мектептик билим берүү министри Эъзозхон Каримова билдирди.

Анын айтымында, учурда 16 жашка толо элек балдардын социалдык тармактарды колдонуусун мыйзам аркылуу чектөө мүмкүнчүлүгү каралууда.

«Биз да азыр бул маселени карап жатабыз. Бул боюнча депутаттар жана сенаторлор менен талкуу жүргүздүк. Мыйзам долбоорун даярдап, коомдук талкууга чыгарууну каалап жатабыз. Менимче, мындай тартип бизде да болушу керек.

Балдардын жашоосунан телефонду толугу менен алып салуу мүмкүн эмес. Бирок аны туура пайдалануу маданиятын калыптандыруу маанилүү. Азыр технология доорунда жашап жатабыз, балдардын телефондорун жөн эле тартып ала албайбыз. Албетте, телефон керек. Бирок аны колдонууда ченем жана маданият болушу зарыл. Окуучулар мектепке кирерде телефондорун тапшырышы керек деген буйрук бар, ошондой эле жүрүм-турум эрежелери да белгиленген», — деди ал.

Чиновниктин айтымында, көзөмөлдү күчөтүп, 16 жашка чейинки балдардын социалдык тармактарды колдонушун мыйзамдык негизде чектөө пландалууда.

Мындай чечим Улуу Британияда да кабыл алынып, 16 жашка чейинки балдардын социалдык тармактарды колдонушуна тыюу салуу каралууда.

Буга чейин Бириккен Араб Эмираттарынын министрлер кабинети 15 жашка чейинки балдарга аккаунт ачууга жана социалдык тармактарды пайдаланууга тыюу салган токтом кабыл алган. Ушундай эле тартип Түркияда да күчүндө.

Ал эми Казакстанда окуучуларга сабак учурунда смартфон колдонууга тыюу салынат.

Эске салсак, Австралия дүйнөдө биринчи болуп балдардын социалдык тармактарга кирүүсүнө тыюу салган өлкө болгон.

Последние новости