Комментарийде ошондой эле Молдованы Орусияга каршы НАТОнун кошумчасына айландыруу аракети туңгуюк экени айтылат.
«Өз өлкөсүн антироссиялык НАТОнун кошумчасына жана Киевдин криминалдык режимин багуу үчүн логистикалык базага айландыруу – бул эч жакка баруучу жол», - деп баса белгиледи дипломат.
Захарова Молдованын жаңы парламенти жана шайлоонун жыйынтыгында түзүлгөн өкмөт туура жыйынтык чыгарып, өз элинин кызыкчылыгына жана келечегине шек келтирген аракеттерге барбайт деген ишенимин билдирди.
«Тарых көрсөткөндөй, чыныгы күчтүү жана коопсуз келечек бардык өлкөлөр менен тең укуктуу кызматташтыкты өнүктүрүүдө турат», - деп кошумчалады ал.
Шайлоо учурундагы ыкмалар Молдовадагы азыркы режим шайлоо учурунда өз оппоненттерин коркутуу үчүн орто кылымдагы жапайы ыкмаларды колдонгон, деп белгиледи Захарова.
"Бийликке жабышып калуу үчүн азыркы режим өз оппоненттерин коркутуу, атаандаштарын жок кылуу, көз карандысыз маалымат каражаттарын жабуу, оппозициячыл маанайдагы шайлоочулардын добуш берүүсүнө бөгөт коюу жана шайлоолорго калыс байкоо жүргүзүүгө, анын ичинде эл аралык байкоочулардын ишине тоскоолдук кылуу үчүн түпкүлүгүндө орто кылымдагы жапайы ыкмаларды колдонду", - деди дипломат.
Брюсселдин кийлигишүүсү
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү ошондой эле Брюссел Молдованын ички иштерине ачык кийлигишип, өлкөдөгү парламенттик шайлоодо Молдованын шайлоочуларына каржылык жасаганын кошумчалады.
ЕККУ/ДИАУБдун жообу
Молдовадагы шайлоо жараянындагы мыйзам бузуулар ушунчалык кеңири жана айкын болгондуктан, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ/ДИАУБ) Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу да аларга көз жумуп коё алган жок, деп баса белгиледи дипломат.
"Шайлоо жараянындагы мыйзам бузуулар ушунчалык кеңири жайылган жана ачык көрүнүп тургандыктан, ЕККУ/ДИАУБдун байкоочулар миссиясы да өзүнүн бир жактуулугу, тандалма мамилеси, зарыл учурда "көрбөй, укпай калышы" менен белгилүү болгон, алардын алдын ала корутундусунда аларды толугу менен четке кага алган жок", - деп белгиледи Захарова.