www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
17-декабрда Коомдук телерадио компаниясындагы түз эфиринде президенттикке талапкердин бири Адахан Мадумаров үгүт иштерин Ысык-Көл облусунан баштарын ойлогонун, бирок, анын тарапкерлерине коркутуу болуп жатканын айтып чыкты.
Бул боюнча Ысык-Көл ОИИБдин басма-сөз кызматы түшүндүрмө иретинде төмөндөгүлөрдү билдирет: Адахан Мадумаровдун штабынан, же болбосо тарапкерлеринен үгүт иштерин Ысык-Көл облусунда кайсыл күндөрдүн аралыгында жүргүзөрүн жана үгүт иштерин жүргүзү учурунда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча облустун райондук мамлекеттик администрацияларына, мэрияларына жана ички иштер бөлүмдөрүнө эч кандай билдирүүлөр же болбосо ыраттамалар келип түшкөн эмес. Жолугушууга баргандардын үйлөрүн өрттөп кетебиз деген коркунучтар келип түшүп жатат деген маалымат боюнча да арыздар менен кайрылышкан эмес.
Бирок, Кыргыз Республикасынын жазык-процессуалдык кодексинин 149 беренесинин 1 пунктун (Сотко чейинки өндүрүштүн башталышы) жетекчилике алып, Адахан Мадумаровдун КТРКнын түз эфиринде айткан билдирүүсү Ысык-Көл ОИИБдин КЖБРне катталып, териштирүү иштери башталды.
Булак: NazarNews.kg