www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунун губернатору жол кырсыгына кабылды

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев жол кырсыгынан кийин ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Turmush  басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка каранганда, кырсык 23-ноябрда эртең менен Бишкек-Торугарт жолунун 156-чакырымында болгон. Toyota Land Cruiser Prado унаасынын айдоочусу, Ак-Суу районунун 24 жаштагы тургуну К.Б. башкаруусун жоготуп, унаа оодарылып кеткен. Унаанын ичинде отурган облус жетекчи Жантаев жаракат менен Балыкчы шаардык ооруканасына жаткырылды.

Бул факт Балыкчы шаардык ички иштер башкармалыгынын КЖБРне катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости