www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өткөн жуманын жыйынтыгы менен Ысык-Көл акваториясында жүргүзүлгөн тазалоо иштеринин алкагында маанилүү экологиялык иш-чаралар аткарылды. Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери тарабынан көлдүн түбүнөн жана жээк аймактарынан жалпы узундугу 15 800 метрди түзгөн эски синтетикалык балык уулоочу торлор алынып чыгарылды.
Мындан тышкары, тазалоо иштеринин жүрүшүндө 40 кап тиричилик жана өндүрүш калдыктары чогултулуп, чыгарылды.
Ошондой эле иш-чаранын алкагында жергиликтүү тургундар жана эс алуучулар арасында экологиялык аң-сезимди жогорулатууга багытталган түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.