www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын демилгеси менен үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоону жана алдын алууну жүзөгө ашыруучу субъекттердин ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсүнүн алкагында Пробация департаментинде, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга жардам көрсөтүүчү муниципалдык жана жеке кризистик борборлордо жолугушуу өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга социалдык-психологиялык, укуктук жана башка түрдөгү жардам көрсөтүүнүн шарттары жана практикалык ыкмалары менен таанышышты. Жабырлануучулардын кайрадан жабыркоосуна жол бербөө чараларына, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдардын зомбулук мүнөзүндөгү жүрүм-турумун өзгөртүүгө багытталган коррекциялык программалардын ишке ашырылышына өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында Пробация департаментине жана кризистик борборлорго ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү мындан ары бекембөө, үй-бүлөлүк зомбулук учурларын эрте аныктоо механизмдерин өркүндөтүү, ошондой эле жабыркагандар үчүн адистештирилген жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча сунуштар берилди.