www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

19-апрелде дзюдо боюнча Азия чемпионатынын алкагында 10 улуттук кураманын катышуусунда командалык мелдештер өттү. Турнир “стенка на стенку” форматында уюштурулуп, ар бир команда 6 балбандан түзүлдү: 3 эркек (73 кг чейин, 90 кг чейин, 90 кг жогору) жана 3 аял (57 кг чейин, 70 кг чейин, 70 кг жогору).

1/4 финалда Кыргызстандын курама командасы Тажикстандын курамасын 4:2 эсебинде жеңди. Жарым финалда Монголиянын командасына 0:4 эсебинде утулуп калды.
Көңүл жубатуучу айлампада Кыргызстан курамасы Индиянын командасын 4:2 эсебинде жеңип, коло медаль үчүн беттешүүгө жолдомо алды.

Үчүнчү орун үчүн болгон чечүүчү беттеште кыргызстандыктар Бириккен Араб Эмираттарынын курамасы менен күч сынашты. Алты беттештин жыйынтыгында эсеп 3:3 болуп теңелди. Кыргызстан курамасынын балбандары Алина Молдокулова (70 кг чейин), Эржан Канатбеков (90 кг чейин) жана Эмирхан Жолдошказиев (90 кг жогору) жеңишке жетишти.
Эрежеге ылайык, эсеп тең болгон учурда чечүүчү беттештин катышуучуларын аныктоо үчүн чүчүкулак өтартылат. Анын жыйынтыгында жетинчи беттешке кайрадан Алина Молдокулова чыгып, жогорку чеберчилигин көрсөтүп, жеңишке жетти.
Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын курама командасы 4:3 эсебинде жеңишке жетишип, Азия чемпионатынын командалык мелдешинде коло медаль утту.
Бул жыйынтык тарыхый мааниге ээ, анткени кыргызстандык дзюдочулар Азия чемпионатынын командалык мелдештеринде алгачкы жолу байге утушту.
Эске салсак, Азия чемпионаты 16–18-апрель күндөрү өтүп, ага 19 өлкөдөн 197 спортчу катышты. Мелдештин алкагында эркектер жана кыз-келиндер арасында 14 комплект медаль ойнотулду.
Аталган турнирде Кыргызстандын намысын 14 спортчу коргоду.

 

Последние новости