www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көлдө браконьерликке каршы рейд жүрүп, 1200 метр мыйзамсыз тор алынды.
19-апрелде Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан браконьерликке каршы кезектеги рейд жүргүзүлдү.
Иш-чара Президенттин №131 Жарлыгын аткаруунун алкагында уюштурулуп, көлдүн акваториясында мыйзамсыз балык уулоого каршы багытталды.
Рейддин жүрүшүндө инспекторлор тарабынан Ысык-Көлдөн жалпы узундугу 1200 метрди түзгөн эски кытайлык синтетикалык тор табылып, суудан чыгарылды. Аталган торлор балык ресурстарына олуттуу зыян келтирип, көлдүн экосистемасына коркунуч жаратат.
Учурда бул багыттагы иштер улантылып, мыйзамсыз балык уулоого каршы күрөш күчөтүлүүдө. Тиешелүү чаралар көрүлүп, күнөөлүү жактар аныкталууда.
Министрлик жарандарды жаратылышты коргоого жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырып, мыйзамсыз аракеттер тууралуу тиешелүү органдарга маалымдоону өтүнөт.