www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Боом капчыгайында таш түшүрүү иштери 20-апрелден 24-апрелге чейин Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 129-чакырымында жүргүзүлмөкчү. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара күндүзгү саат 10:00дөн 16:00гө чейин созулуп, жол кыймылы жарым-жартылай чектелет. Тазалоо учурунда унаалар бир тилке менен өткөрүлөт. Эгерде жолдо 30—40тан ашык унаа топтолуп калса, таш түшүрүү токтотулуп, унааларга жол ачылат.
«Жарандардан сапарларын алдын ала пландап алууну суранабыз. Бул иштер темир жол жана унаа каттамдарынын коопсуздугун камсыздоо максатында өткөрүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.