www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунун Булаң-Сөгөттү айылында жүргөн селден бир адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл боюнча башкармалыгынан билдиришти.
Окуя 5-июнь күнү кечки саат 20:00 чамасында катталган. Катуу жааган жамгырдын кесепетинен Балыкчы- Ананьево-Каракол унаа жолунун 92-чакырымында сел жүрүп, жол эки тараптуу жабылган. Сел суулары эки унааны агызып кеткен.
Жерине жалпы 258 адам, 35 инженердик техника тартылган.
Алар:
* КР Президентинин Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары жана 1 кызматкер;
* КР ӨКМден 116 куткаруучу;
* КР ИИМден 50 кызматкер;
* ЖК кызматтарынан 80кызматкер;
* тез жардам кызматынан 3 бригада (12 кызматкер).
Тилекке каршы селдин кесепетинен унаадан бир адамдын сөөгү табылып, ИИМге өткөрүлүп берилди. Учурда өздүгүн тактоо иши жүрүүдө. Ал эми дагы бир жаранды издөө иштери уланууда.
Кошумча маалымат берилет