www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Киев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкекте 10 күн ичинде Киев көчөсүнүн Ибраимов көчөсүнөн Исанов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу 5-июнда калаанын вице-мэри Рамиз Алиев билдирди.

Анын айтымында, ал жерде жылуулук тармагынын түтүктөрүн алмаштыруу иштери жүргүзүлөт. Бул келерки жылга пландалган Киев көчөсүн реконструкциялоого даярдык көрүү үчүн зарыл.

Алиев бул көчөдөгү айрым кесилиштер унаа кыймылы үчүн ачык болорун кошумчалады.

Экинчи баскычта жылуулук тармагын Исанов көчөсүнөн Бейшеналиев көчөсүнө чейин алмаштыруу пландалууда. Вице-мэр иштер жыл аягына чейин бүтөрүн белгиледи.

Последние новости