www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунда катуу жаандан кийин сел жүрүп, бир катар эс алуу жайларына жана турак жайларга суу кирди.
ӨКМдин маалыматына ылайык, 1-июлдун кечинде Чолпон-Ата шаарындагы “Арча Макс” конок үйүнүн короосун суу каптап, “Лукаморье” эс алуу жайынын имаратына сел кирген.
Куткаруучулар “Лукаморье” пансионатынан 24 адамды эвакуациялап, аларды жакын жайгашкан конок үйлөрүнө жайгаштырышкан.
Ошондой эле Тору-Айгыр айылында 2-июлга караган түнү нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен суунун деңгээли көтөрүлүп, бир көчөнү жана алты турак жайдын короосун суу каптаган.
Селдин кесепеттерин жоюу иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери, “Бетон завод” ишканасы жана “Чайна роуд” компаниясынын жалпы алты техникасы тартылган.
Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда быйыл жалпысынан 283 сел кырсыгы катталды.