www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Энергетика министрлиги жүргүзүп жаткан реформанын алкагында өлкөнүн энергетикалык инфраструктурасын жаңылоо иштери ырааттуу уланууда.

Бул ири жаңылануунун негизги бөлүгү катары узундугу 80 чакырымды түзгөн 110 кВ «Тамга–Пржевальск» аба чубалгысы толугу менен реконструкцияланат. Аталган аба чубалгы Каракол шаарын, ошондой эле Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондорун электр энергиясы менен камсыз кылып келет. Долбоордун ишке ашырылышы аймактагы калкты, социалдык объектилерди жана өндүрүш ишканаларын туруктуу жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыздайт.

Тамга–Пржевальск аба чубалгысын реконструкциялоо иштерин 2026-жылдын аягына чейин толук бүтүрүү пландалууда. Бул мөөнөттө аба чубалгы толугу менен жаңыланып, заманбап техникалык талаптарга жооп берген абалга келтирилет.

Мындан тышкары, 2026-жылы 35–110–220 кВ чыңалуудагы 1411 чакырым аба чубалгылары техникалык тейлөөдөн өткөрүлөт. 1964-жылдары орнотулуп, эскилиги жеткен 5495 фарфор изолятор заманбап айнек изоляторлорго алмаштырылат. Бул чаралар электр энергиясын жеткирүүнүн ишенимдүүлүгүн жогорулатып, авариялык өчүрүүлөрдүн санын кыскартууга багытталган.

Ошондой эле жогорку чыңалуудагы аба чубалгылар кызматы 13 тирөөчтө суу ташкынына каршы алдын алуу иштерин жүргүзөт. Комплекстүү коргонуу чаралары өзгөчө кырдаалдардын тобокелдигин азайтып, керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоону камсыздайт. Суу ташкынына даярдык иштери жергиликтүү бийлик органдары, ошондой эле өзгөчө кырдаалдар жана өрт коопсуздугу кызматтары менен тыгыз кызматташтыкта жүргүзүлөт.

Энергетика тармагындагы бул кеңири масштабдагы иштер — өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоого, инфраструктураны заманбап деңгээлге чыгарууга жана калктын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган ырааттуу реформалардын маанилүү бөлүгү болуп саналат.

Последние новости