www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
8-июнда Ысык-Көл облусунун Корумду айылында чоңдор жана өспүрүмдөр арасында армрестлинг боюнча XXIV Азия чемпионаты жана пара-армрестлинг боюнча XXIII Азия чемпионатынын расмий ачылышы өттү.
Салтанатка Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов жана Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев катышты.
Ачылыш аземинде сүйлөгөн Урмат Асанбаев мындай ири спорттук мелдештин Кыргызстанда өтүшү өлкө үчүн чоң сыймык экенин белгиледи.
Ал чемпионат спортчулардын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп, элдер арасындагы достукту, өз ара түшүнүшүүнү жана биримдикти чыңдоого өбөлгө түзөрүн айтты.
Азия чемпионатына континенттин 20 мамлекетинен келген спортчулар катышууда.
Мелдештер 14-июнга чейин уланып, күчтүүлөр аныкталат.
Армрестлинг боюнча Азия чемпионаты Кыргызстанда спорттун бул түрүн өнүктүрүүгө жана өлкөнүн эл аралык спорттук аброюн көтөрүүгө салым кошору белгиленүүдө.