www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарын облусунун Ак-Талаа районунда мыйзамсыз балык уулоого каршы рейддик иш-чаралар уланууда.
8-июнда Ак-Талаа РИИБдин кызматкерлери Соң-Көл балык чарбасынын өкүлдөрү менен биргеликте Соң-Көл көлүндө кезектеги рейд өткөрүштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө көлдөн болжол менен 3000 метр узундуктагы синтетикалык балык уулоочу тор табылып, алынды.
Учурда аныкталган факты боюнча мыйзам чегинде тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат.
Мындан тышкары, рейддин алкагында Соң-Көл жайлоосундагы эс алуу жайларынын ээлери жана жергиликтүү тургундар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Анда мыйзамсыз балык уулоого жол бербөө, жаратылыш ресурстарын коргоо жана чет өлкөлүк жарандар менен ар кандай чыр-чатактардын алдын алуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Укук коргоо органдары мыйзамсыз балык уулоого каршы көзөмөл иштери мындан ары да улантыларын белгилешти.