www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын финансылык туруктуулугун жана башкаруу натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Документ апробациялык режимге катышкан мамлекеттик медициналык мекемелерди финансылык жактан коштоону күчөтүүгө жана узак мөөнөттүү өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган.

Меморандумдун алкагында медициналык уюмдар үчүн комплекстүү банктык тейлөө көрсөтүү каралган. Анын ичинде эсеп-кысап жана кассалык тейлөө, эмгек акы долбоорлорун ишке ашыруу, аралыктан банктык кызматтарды көрсөтүү, накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн «ЭлКасса» биллингдик системасын киргизүү жана заманбап төлөм инфраструктурасын өнүктүрүү пландалууда.

Жетишилген макулдашууларга ылайык, «Элдик Банк» апробациялык режимге катышкан саламаттык сактоо уюмдарынын негизги финансылык өнөктөшү катары каралат.

Тараптардын белгилешинче, меморандумга кол коюу мамлекеттик медициналык мекемелердин финансылык туруктуулугун бекемдөөгө, башкаруу механизмдерин өркүндөтүүгө жана калкка көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Долбоор Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 28-ноябрындагы №331 Жарлыгынын алкагында ишке ашырылып, саламаттык сактоо уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Последние новости