www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ысык-Көл облусунун жарандык коргонуу абалын 25-27-март күндөрү баалайт. Алгач жыйын өтүп, ага Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Азамат Мамбетов, Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов катышып, облустун жарандык коргонуу кызматтарына тиешелүү тапшырмаларды койду.

Жалпы үч күндүн ичинде Президенттин Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, райондук администрациялары, түзүмдүк бөлүмдөрү, муниципалдык ишканаларынын, ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн, шаардык жана райондук Жарандык коргонуу кызматтарынын, мекемелеринин, уюмдарынын, Жарандык коргонуу боюнча комиссияларынын, эвакуациялык комиссияларынын, муниципалдык аймактык башкармалыктарынын, Жарандык коргонуу түзүмдөрүнүн жана билим берүү мекемелеринин даярдыгы каралат.

Ага ылайык өзгөчө кырдаалдар учурунда согуш жана тынчтык мезгилиндеги Жарандык коргонуу иш-чараларын уюштуруу, иш-мерчемдерин текшерүү, шаардык жана райондук жетекчилик курамын Жарандык коргонууга даярдоо, күч-каражаттардын даярдыгы ж.б. бир катар талаптар боюнча бааланат.

Текшерүү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Борбордук аппаратынан түзүлгөн атайы комиссиясынын планынын негизинде жүрүүдө.

Белгилей кетсек, мындай жарандык коргонуунун абалын баалоо Президент С. Жапаровдун “2026-жылга Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу жаатындагы пландарды бекитүү жөнүндөгү” Жарлыгынын негизинде өтүп келет.

 

Последние новости