www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаттары Алишер Козуев, Гүлай Машрапова жана Илимбек Кубанычбеков Ош облусунун Кара-Суу районунда эл менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев жана Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Чынгыз Бапаев да катышты.
Жолугушууда райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсү тууралуу кеп болуп, анын ичинен инфраструктуралык абалды жакшыртуу, калкты таза суу менен камсыздоо жана айыл чарба, билим берүү, саламаттык сактоо тармагындагы орчундуу маселелер көтөрүлдү.
Эл өкүлдөрү айтылган көйгөйлөрдү мамлекеттик органдар менен биргеликте карап чыгып, чечүүгө аракет жасай турганын билдиришти. Ошондой эле жеринде да айрым суроо-талаптар боюнча тийиштүү кызматтарга тапшырмалар берилди.