www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунун аймагында Бирдиктүү коопсуздук кызматы коомдук коопсуздукту жана экологиялык тартипти камсыз кылуу багытында активдүү иш алып барууда.

Бул жолу Жети-Өгүз районунда кызматкерлердин саптык тизилүүсү уюштурулуп, ар бир түзүмгө так тапшырмалар берилди. Иш-чаранын жүрүшүндө жайкы туристтик сезондо коопсуздукту камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана экологиялык талаптарды сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Аталган кызматтын курамына ички иштер органдарынын, саламаттык сактоо тармагынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, экологиялык көзөмөл мекемелеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү кирет. Алардын максаты — аймактагы коопсуздукту камсыз кылуу менен катар жарандардын жана туристтердин жоопкерчилигин жогорулатуу.

Кызматкерлер калк арасында коопсуздук эрежелерин жана экологиялык маданиятты жайылтуу максатында кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Жарандарга көл жээгин таза кармоо, кооптуу шарттарда сууга түшпөө, өрт коопсуздугун сактоо жана коомдук тартипти бузбоо боюнча кайрылуу жана кеңештер айтылууда.

Ысык-Көлдүн акваториясы тыкыр көзөмөлгө алынып, үзгүлтүксүз текшерүүлөр жүргүзүлүүдө. Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милиция кызматынын кызматкерлери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте көл үстүндө жана жээктерде мыйзамсыз балык уулоого каршы күрөшүп, аймакты тазалоо иштерин да активдүү жүргүзүп жатышат.

Последние новости