www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милиция кызматы тарабынан мыйзамсыз балык уулоого каршы күрөш жана көлдүн акваториясын тазалоо иштери үзгүлтүксүз, ырааттуу жана натыйжалуу жүргүзүлүүдө.
Аталган иш-чаралардын алкагында кызматкерлер тарабынан рейддик текшерүүлөр уюштурулуп, айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын сактоо багытында конкреттүү чаралар көрүлүп жатат.
Акыркы жүргүзүлгөн иштердин жүрүшүндө Түп районунун Ысык-Көл акваториясынан дагы 5 даана эски синтетикалык балык уулоочу торлор чыгарылып, мыйзамсыз аракеттердин алдын алуу максатында тиешелүү тартипте жок кылынды.
Мындай иш-чаралар көлдүн экологиялык абалын жакшыртууга, балык ресурстарын сактоого жана биологиялык ар түрдүүлүктү коргоого багытталган.
Туристтик-экологиялык милиция кызматы бул багыттагы иштерди мындан ары да күчөтүп, мыйзамсыз балык уулоого каршы күрөштү уланта бермекчи.