www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандык ырчы Бакрды Орусиянын аймагына киргизбей коюшкан. Бул тууралуу ал социалдык тармактардагы баракчасына жазып чыкты.
Анын айтымында, ал концерттик тур менен Россияга 17-ноябрда барганында, Москвадагы «Шереметьево» аэропортунда кармалган.
«Эч түшүндүрбөстөн Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салышты. Андан соң мени күтүү бөлмөсүнө киргизишти, мен Бишкекке кайра учуп кетүүгө аргасыз болдум. Ал жерде эртең мененки 10дон кечки 9га чейин отурдум. Бишкекке учуп келген соң мага Орусиянын аймагына кирүүгө баш тартуу боюнча токтомду беришти. Андагы себеп катары Орусиянын аймагына кирүүгө уруксат жок экени көрсөтүлгөн”, — деп жазды рэпер.
Bakr учурда командасы менен юристтерден кеңеш алып, доо арыз даярдап жатканын билдирди.