www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Япониядан Орусияга каршы санкция: Тизме

Япония Орусиянын 81 уюмуна жана 25 жаранына жаңы санкцияларды киргизет. Бул маалыматты Япониянын Тышкы иштер министрлигине шилтеме берүү менен «РИА Новости» жарыялаган. Жаңы тизме:

– Орусия президентинин катчысы Дмитрий Песковдун жубайы Татьяна Навка жана анын 18 жаштан өткөн балдары;

– ВЭБ мамлекеттик корпорациясынын төрагасы Игорь Шувалов жана анын туугандары;

– «Северсталь» компаниясынын негизги акционери Алексей Мордашов;

– «Ростех» компаниясынын башкы директору Сергей Чемезовдун туугандары;

– Орусиянын президентинин администрациясынын жетекчиснинин биринчи орун басары Сергей Кириенконун туугандары;

– Россия Федерациясынын коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушевдин туугандары;

– Орусия президентинин экология жана транспорт боюнча атайын өкүлү Сергей Ивановдун уулу;

– «Орусия» банкынын ээлеринин бири Николай Шамалов жана анын уулу Кирилл;

– «Роснефтинин» жетекчиси Игорь Сечиндин уулу;

– «Транснефть» компаниясынын президенти Николай Токаревдин туугандары.

Санкция киргизилген компаниялар:

– Миасс автозаводу;

– «Вымпел» заводу;

– Амур заводу;

– Ярослав заводу;

– «Красное Сормово» заводу;

– «Звездочка» заводу;

– Санкт-Петербургдагы түндүк верфь;

– «Орусиянын космикалык системасы» мекемеси;

– «Гипер үн системалары боюнча илимий-изилдөө мекеме»;

– «Байкал электроникс»;

– «Крокус нано» жана башкалар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости