www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мирлан Бакиров деген эл өкүлү бар парламентте. Жөн гана депутат эмес, вице-спикер. Баягы, жөнөкөй чиновникти “бизди эмне сыйлабай жыйынга жемпир кийип келесиң” – деп байкуш немени лыкылдаткан эл өкүлү.

Бүгүн болсо айдан түшкөнсүп маанилүү маселени көтөрүп калыптыр Жогорку Кеңештен. Биз журналисттер жакабызды кармап калдык. Акыл ушул жашта деле келе берет экен деп. Айтсак, бүгүн парламентте өлкөдөгү биосфералык аймактар боюнча мыйзам долбоору биринчи окуудан каралып жатканда Мирлан Бакиров “Эгерде Ысык-Көлгө таштандыларды таштаганды токтотпосок, акыркы изилдөөлөр боюнча Ысык-Көл келечекте сазга айланышы мүмкүн. Кудайга шүгүр, көлдүн өзүн өзү тазалоочу табигый системасы” – бар деди.

Ооба, биринчи таштандыны таштай берсек болбойт деди да, андан кийин кайра өзүн өзү тазалай берет дегени эмнеси? Муну уккан көл боюнча тазалоочу системи жок курулган пансионат, мекеме-жайдагы ишкерлериңе кудай берип эле салбадыбы. Көл өзүн өзү тазалай берет экен, "урганыбыз барбы" - деп. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости