www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кыргыз эл Баатырынын” саны көбөйүп баратат. Мурун “Советтер Союзунун Баатырын” Чолпонбай Түлөбердиев, Дүйшөнкул Шопоковдор кан менен алышкан, кийин “Кыргыз эл Баатырына” Чыңгыз Айтматов, Сүйүнбай Эралиев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Төлөгөн Касымбеков, Сабира Күмүшалиева сыяктуу эмгеги менен элге таанымал адамдар татыктуу болушкан. Депутат Сайдулла Нышановдун сунушу менен парламент көрсөткөн “Улуу урматтуу” Атамбаевден кийин, “Кыргыз эл Баатырын” президент Жээнбеков Кулатов менен Ибраимовго берген. Экөөнү тең эл сыйлайт, бирок көзү өтүп кеткен кыргыздар арасында алар сыяктуу “Кыргыз эл Баатырына” татыктуулар толтура. Манас, Семетейди мындай коёлу, кыргыздар ичинде кечээки эле он тогузунчу кылымда кыргыздардын тагдыры үчүн кылыч учунда турган Ормон, Алымбек, Кубат, көпчүлүк жек көргөн Шабдан турат. Аларга да “Кыргыз эл Баатырын” бербесе алардын арбактары таарынат.

Эгер тирүүлөргө келсек, биз сыймык кылып жүргөн Айсулуу Тыныбекова бар, бирок андан да кыйын убагында дүйнөнүн чемпиондугун көп ирет, Олимпиаданын чемпиону болгон Каныбек Осмоналиев баатырга татыктуу эмеспи? Же берген жерде тамакты жакшы ичет деп премьер Мухаммедкалый Абулгазиев менен спикер Дастан Жумабековго берелиби?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости