www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эгер суу кампа курууга үч жер тилке бөлүнүп, быйылкы бюджеттен каражат берилсе, эмки жылы суу тартыштыгы жаралбайт. Бул тууралуу Бишкектин вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев парламентте билдирди.

Ал айтылган шарттар аткарылса бир жылдын ичинде көйгөй толугу менен чечилерине вице-мэр катары кепилдик берди. Ал үчүн 500 миллион сомдун тегерегинде каражат керектелет.

"Ички чарбалык иштерге, суу түтүктөрүн өткөрүүгө акчаны мэриядан карап атабыз. Жаңы суу кампаларына республикалык бюджеттен жардам көрсөтүлсө "Баш-Кара-Суу" жаңы суу кампасына төрт гектар жер, 150 миллион сом керек болот. Андан кийин Сельский деген үч гектар жер тилкесине суу кампа курууга 120 миллион сом, Контррезервуарга жер тилке үчүн 180 миллион сомдой талап кылынат. Эгерде ошонун баары бизге берилсе, Бишкекте бүгүнкүдөй көйгөй жаралбайт", — деди Шамыралиев.

Вице-мэрдин айтымында, ошондо гана Арча-Бешик конушу тарапка өзүнчө кампадан суу берилип каларын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости