www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түштүк Флорида университетинин профессору жана суучул Джозеф Дитури океандын түбүндө 93 күн жашап 10 жылга жашарган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 55 жаштагы суучул бул убакыт аралыгында 100 чарчы метрлик атайын капсулада жашаган. 93 күн суу астында жашаган Дитуринин ден соолугун окумуштуулар текшерип чыгып, организми 10 жылга жашарганын байкашкан. 

Клеткалардын жаштыгына жооп берген хромосомалардын учтарындагы структуралар окумуштууда 20 пайызга узарган. Алар жашы өткөн адамдарда, тескерисинче кыскарат. Мындан сырткары, сөңгөк клеткалардын саны он эсеге көбөйүп, холестериндин деңгээли бир топ төмөндөгөн. Окуумуштуулар теория боюнча Дитури 10 жашка жашарган деген жыйынтыкка келишкен.

Ал эми суучулдун айтымында, ал терисинин серпилгич жана жаш болуп калганын байкаган. Окумуштуулар мындай өзгөрүүлөр тереңдиктеги басымдын жогору болушунан улам мүмкүн деген тыянак чыгарышкан. Бул адамдын организминдеги клеткалардын өсүшүнө жана өнүгүшүнө оң таасирин тийгизет. 

Белгилей кетсек, эксперименттин негизги максаты суу астында жашоо карылык менен байланышкан ооруларды алдын аларын текшерүү болгон.

Ошондой эле, Дитури суу астында 93 күн жашап дүйнөлүк рекордду жаңылаган. Буга чейин ушул эле жерде окумуштуулардын бири 2014-жылы 73 күн 2 саат 34 мүнөт жашаган.

Окумуштуу 1-марттан бери Jules капсуласында жашап келет. Анын максаты 9-июнга чейин 100 күн суу астында болуу. 

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости