www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чүй районундагы «Премиум» жана «Пура» балык чарбаларына барып, тармактын учурдагы абалы менен жеринде таанышты. Бул тууралуу Cуу ресурстары, айыл чарба министрлиги билдирди.
Иш сапардын негизги максаты — атамекендик балык тоютунун сапатын, анын балыктын өсүү темпине жана адаптациясына тийгизген таасирин баалоо болду. «Тянь-Шань форель» компаниясы тарабынан өндүрүлгөн тоюттун курамында жергиликтүү чийки заттар колдонулуп, синтетикалык кошулмалар кошулбаганы белгиленди. Натыйжада, айрым көрсөткүчтөр боюнча бул тоют европалык аналогдордон да жогору эффективдүүлүктү көрсөтүп жатканы айтылды.
Иш сапардын алкагында министр Эрлист Акунбеков ишкерлер менен жолугушуу өткөрүп, атамекендик өндүрүштү колдоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты экенин белгиледи. Анда кыргыз форелин брендге айлантуу, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана тармакты туруктуу өнүктүрүү боюнча тапшырмаларды берди. Ошондой эле, бааларды туруктуу кармоо, импортко көз карандылыкты азайтуу жана өндүрүштү локалдаштыруу зарылдыгын баса белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө ишкерлер тарабынан жер салыгын жеңилдетүү, экспортко чыгуудагы тоскоолдуктарды жоюу, лабораториялык базаны өнүктүрүү жана стандартташтыруу маселелери көтөрүлдү. Министр тиешелүү мамлекеттик органдарга бул багыттар боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыгып, чечимдерди кабыл алуу тапшырмасын берди.
Иш-чара ачык диалог форматында өтүп, балык чарбасын өнүктүрүү, ата мекендик продукциянын сапатын жогорулатуу жана эл аралык рынокко чыгаруу боюнча биргелешкен аракеттердин мааниси белгиленди.