www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

30-марттан 2-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана ашууларында кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кооптуу аймактардын тизмеси:

Бишкек — Ош унаа жолунун 121–138-чакырымдары (Төө-Ашуу), 198–255-чакырымдары (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу);

Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 292–305-чакырымдары (Долон ашуусу);

Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад унаа жолунун 201–205, 260–290, 326–349-чакырымдары (Көк-Арт ашуусу);

Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45–90-чакырымдары (Чоң-Ашуу ашуусу).

Айдоочулар үчүн маанилүү эрежелер:

Унаалардын ортосундагы коопсуз аралык 500 метрден кем болбошу зарыл.

Этият болуңуз, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Дөңгөлөк чынжырларын, алгачкы жардам аптечкасын жана кошумча жылуу кийимдерди ала жүрүңүз.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды сак болууга жана зарылчылык болбосо кооптуу тилкелерге чыкпоого чакырат.

Последние новости