www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдөгү "Золотые пески" пансионатынын көл жээгинде каза болгон 23 жаштагы баланын бир тууган агасы NazarNews маалымат агенттигине кайрылып, маркум инисинин сырдуу өлүмүнө “каралар” да, “кызылдар” да кийлигишип жатканын айтты.

Аманкулов Бекбол Абдылдабекович 2023-жылдын 6-августуна караган түнү Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы «Золотая пески» пансионатынын пляжында каза болгон. Ал 23 жашта болчу.

Классташтары айткандай, ал жубайы менен Ысык-Көлгө эс алганы келген. Буга чейин мушташтарга, чыр-чатактарга Бекболдун аралашуусу болгон эмес. Маркум конфликттен алыс, тынч жүргөн адам болгон.

Бекболдун артында жубайы жана 2 жашар кызы калды.

Анын чакан бизнеси болуп, пескоблок чыгаруу менен алектенип келген.

Ысык-Көл облустук милициядан билдиришкендей, маркумдун өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза Таласта өткөрүлөт.

Ошондой эле, Бекбол Аманкуловдун өлүмү боюнча ишти президент жеке көзөмөлүнө алганы, укук коргоо органдарына объективдүү иликтөө жүргүзүүнү тапшырганы кабарланган. 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости